Эртеңден тарта коомдук жайларда милдеттүү бет кап тагуу режими токтойт

 Эртеңден тарта коомдук жайларда милдеттүү бет кап тагуу режими токтойт

Эртең, 12-марттан тарта Кыргызстанда коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийүү режими токтотулат. Мындай чечим бүгүн, 11-мартта коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн штабдын жыйынында кабыл алынды.

Ага ылайык, бардык билим берүү уюмдарында, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, базарларда, музейлерде, спорт клубдарында, китепканаларда жана башка жерлерде студенттер менен мугалимдердин милдеттүү түрдө беткап кийүүсү жокко чыгарылды.

Бирок коомдук транспортто жана медициналык мекемелерге барганда беткап кийүү милдеттүү бойдон калат.

Ошону менен катар 12-марттан баштап учурда колдонулуп жаткан алгоритмдерге жана көрсөтмөлөргө өзгөртүүлөр киргизилет.

Жанылыктар