Эртең ажылык сапарга каттоо аяктайт

 Эртең ажылык сапарга каттоо аяктайт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкка каттоо эртең 17-майда аяктай турганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы буга чейин белгиленген 13-майга чейин катталууга жетишпей калган жарандар 17-май, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин убакыт берилди.

Катталууга жетишпей калгандар РСК банкына 4500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 700 сомду төлөп, аңдан соң өз аймактарындагы казыяттарга караштуу каттоо пункттарына барып, тизмеге кирүүсү зарыл.

Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө.

Жанылыктар