Эртең Алматы шаарына барган Кыргызстандын жоокерлери кайтып келишет

ЖККУнун бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган жоокерлер 14-январда кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.
7-январда Алматы шаарына 150 жоокер жөнөтүлгөн. Алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт 11-январда ЖККУнун алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирген. Ал чет өлкөлүк аскерлердин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.
Казакстанга ЖККУнун эки миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.