Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси болуп дайындалды

 Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Абдылдаев ушул жылдын 3-февралында Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматынан бошотулган.

Ал эми Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков да февраль айынын башында кызматынан бошотулган.

Жанылыктар