Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда кол койду. Бул тууралуу президенттин апаратынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польша Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.
Ал бул кызматта 2020-жылы июль айында дайындалган.
Буга чейин “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалганы белгилүү болгон.