Эрдоган зилзалада каза болгондордун саны 8 миң 574кө жеткенин билдирди

 Эрдоган зилзалада каза болгондордун саны 8 миң 574кө жеткенин билдирди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөө болгон Кахраманмараш шаарына барды. Ал эл менен жолугушууда каза болгондордун санын 8 миң 574кө жеткенин билдирди.

“Жаракат алгандардын санын 49 миң 133, кыйраган имараттардын санын 6 миң 744кө жетти”, – деди Эрдоган.

Эрдоган менен бирге АК партиянын төрагасынын орун басары Бинали Йылдырым менен Нуман Куртулмуш, президенттик аппараттын байланыш директору Фахреттин Алтун жана президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын аталган аймакка барышты.

Президент, ички иштер министри Сүлейман Сойлу жана башка расмий адамдар менен бирге аймакта иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жанылыктар