Эрдоган президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөөрүн айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө жалпы элдик шайлоо 14-майда өтөөрүн ырастады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин Habertürk телеканалы өз булактарына таянып, жер титирөөдөн улам Түркиядагы жалпы шайлоолор алты айдан бир жылга чейин жылдырылышы мүмкүн экенин билдирген.
Белгилесек, Түркияда 14-май күнү президенттик, парламенттик шайлоо өтөт.
6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.
Акыркы малаыматтарга караганда, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 45 миң 89 адамга жетти.