Эрдоган: Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү аба операциясы ийгиликтүү өттү

 Эрдоган: Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү аба операциясы ийгиликтүү өттү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү аба операциясы ийгиликтүү өткөнүн билдирди.

Буга чейин Түркиянын Коргоо министрлиги Ирак жана Сириядагы террористтер тарабынан база катары колдонулган аймактарда «Чеңгел-Кылыч аба операциясы» жүргүзүлөрүн билдирген.

“Аба операциясына 70ке жакын согуштук жана көмөкчү учактар ​​жана учкучсуз учуучу аппараттар катышты. Операцияда өлкөбүзгө, улутубузга жана чек ара коопсуздугуна коркунуч туудурган баш калкалоочу жайлар, бункерлер, үңкүрлөр, туннелдер, ок-дары сактагычтар, штабдар жана террористтердин машыгуу лагерлеринен турган 89 бута ийгиликтүү жок кылынды”,-деди Режеп Тайып Эрдоган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар