“Энеси, кызы жана уулу”. Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Бишкекте 3 адамды өлтүрүү фактысы катталып, оор кылмыш жасаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкектин 5-кичи районунда болгон. Жерине милиция кызматкерлери барып кароо жүргүзүп, энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген сөөктөрү табышкан.
Факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
“Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды”,- деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Учурда факт боюнча ар тараптуу териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.