Энергетика министрлиги Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу боюнча түшүндүрмө берди

 Энергетика министрлиги Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу боюнча түшүндүрмө берди

Энергетика министрлиги Кыргызстанга атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча түшүндүрмө берди. Анда айтылгандай, АЭСти куруу боюнча долбоор алгач коомдук талкууга коюлуп, элдин пикири эске алынат.

“Эки тараптуу макулдашууга ылайык, долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Бул Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу максатка ылайыктуубу же жокпу деген маселени түшүнүүгө негиз болот. Кыргызстан тарап «Росатом» сунуштаган технологиялар, алардын коопсуздугун иликтеп чыгат. Зарыл болгон көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлөт. Муну менен катар экологиялык коопсуздук маселеси дагы дыкат каралат. Андан кийин аталган маселе коомдук талкууга коюлат. Атомдук электр станциясын куруу боюнча чечим кабыл алууда элдин пикири эске алынат”,-деп айтылат маалыматта.

Министрлик ошондой эле АЭС азыр заманбап технология менен курулуп жатканын жана станцияга жакын жайгашкан калктуу пунтка, айыл чарбасына жана суу ресурстарына зыяны тийбегендей ыкма колдонуларын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Россиянын “Русатом Энержи Прожект” акционердик коому (“Росатом”) менен кызматташуусу жөнүндө документке кол коюшкан.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын аймагында чакан атомдук станция курулат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар