Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди иштеп чыгууда. Варианттары

 Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди иштеп чыгууда. Варианттары

Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди иштеп чыгууда. Бул туурасында Бишкекте өткөн тегерек столдо министрдин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Султанбеков бул маселе азырынча талкууланып жатканын жана акыркы вариант бекитиле электигин айтты. Белгилүү болгондой, тарифтер 2021-2022-жылдардын жыйынтыгы боюнча инфляциянын көрсөткүчүн эске алуу менен көбөйтүлөт.

Энергетика министринин орун басары түшүндүргөндөй, 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйындан турган тариф үчүн эки жылдык инфляциянын деңгээли колдонулат. Аны эске алганда тариф 97 тыйынды (26%га өскөн) түзөт.

“Биз мындай тарифти 700 киловаттка чейин керектөө үчүн пландаштырып жатабыз. 700 киловаттан ашык керектөөдө кандай тариф болору боюнча акыркы чечим чыга элек. Бирок, тариф жылдык инфляциянын деңгээлин эске алуу менен оңдолот. Аны эсепке алганда 2,41 сомду түзөт”, – деди Султанбеков.

Мындай шартта азыркы 700 киловатт-сааттан ашык керектөө үчүн 2,16 сом тарифди көтөрүү 11,6%ды түзөт.

Бирок, дагы бир вариант каралып жатат. Мында, 700дөн 1,5 миң киловатт керектөөдө 2,16 сом тарифти калтыруу, ал эми андан жогору керектөөдө 3,4 сомго көтөрүү сунушталууда.

Маалым болгондой, тарифтерди көтөрүү керектөөчулөрдүн эки категориясына тиешеси болбойт:

-мамлекеттин социалдык камсыздоосунда турган аз камсыз болгон жарандарга. Алар үчүн киловат-сааты 50 тыйын деңгээлинде калтырылат;

– энергияны көп талап кылган объектилер, анын ичинде куюу, тоо-кен, алтын казып алуу ишканалары, спирт өндүрүүчүлөр. Алар үчүн 5,04 сом өлчөмүндө калат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар