Эмомали Рахмон кызын  Британияга элчи кылып  дайындады

 Эмомали Рахмон кызын  Британияга элчи кылып  дайындады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыздарынын бири Рухшона Эмомалини Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна элчиси кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Рухшона Эмомалини дайындоо тексти башка кадрдык дайындоолор менен бирге   15-декабрда кечинде Тажикстандын президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Бул кызматта Рухшона Эмомали Масуд Халифазоданын ордуна келди. Буйрукта Халифазода “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” элчилик кызматынан алынганы айтылат.

Рухшона Эмомали Тажикстан президентинин жети кызынын бири, ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде иштеп, буга чейин министрликтин эл аралык уюмдар башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Айрым маалыматтарга караганда, Рухшона Эмомали белгилүү «Фароз» компаниясынын кожоюну Шамсулло Сохибовдун жубайы. Ал буга чейин Улуу Британиядагы Тажикстандын элчилигинде иштеген. Лондондо Рухшона күйөөсү, Тажикстандын Улуу Британиядагы соода өкүлү Шамсулло Сохибов менен жашаган.

2017-жылы Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Рухшона Эмомали жазган “Дипломатиялык кызматтын негиздери” китеби жарык көргөнүн жарыялаган.

Эмомали Рахмондун дагы бир кызы, президенттик администрациянын башчысы Озода Рахмон да буга чейин Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Министрликте консулдук бөлүмдүн башчысы, министрдин орун басары, министрдин биринчи орун басары болуп иштеген.

Тажик президентинин улуу баласы Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасынын спикери жана баш калаа Дүйшөмбүнүн мэри. Улуу кызы Озода Рахмонова президенттин аппаратын жетектейт. Рахмондун күйөө балдарынын бири Ашрафжон Гулов жакында Тажикстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.

Жанылыктар