Эмнеге бир эле киши байыш керек? Депутат көмүр кендерде мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүнү сунуштады

 Эмнеге бир эле киши байыш керек? Депутат көмүр кендерде мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев парламенттин жыйынында Кыргызстандагы көмүр кендердеги компаниялардын ишмердүүлүгү жөнүндө маселе көтөрдү. Эл өкүлү көмүр кендердеги мамлекеттин 40 же 50 пайыздан кем эмес үлүшүн киргизүүнү сунуштады.

Токторбаев Ош облусундагы Бел-Алма көмүр кенин мисал келтирип, ал жерде жылына 150 миң тоннадан ашык көмүр казылып алына турганын айтты. Эгер бир тонна көмүрдүн баасы 1500 сом деп эсептегенде 225 миллион сом киреше таба турганын мамлекетке 58.5 миллион сом салык төлөгөнүн билдирди.

Эл өкүлү Ош облусунда кара алтындын кору эң көп Алай районундагы көмүр кендерине да токтолуп, кара алтынды казган “Пэрити Коал” фирмасы 500 миң тоннадан ашык көмүр казып алып, жылына 450 миллион сом киреше таба турганын салык катары 84 миллион сом мамлекетке которгонун билдирди.

“Таш-Көмүрдөгү тегене компаниясы жылына 100 миң тоннадан ашык казып алат. Жылына 150 миллион сом киреше табат. Ал эми салык катары 21 миллион сом төлөгөн. Бул абдан күлкүлүү акылга сыйбаган маселе. Урматтуу коллегалар менин айтайын дегеним алтын, көмүр бул элдин байлыгы да. Эмне үчүн бир эле киши байыш керек? Эмне үчүн бир эле киши катар катар машина алыш керек. Эмнге особняк үй салыш керек? Ушул маселелерди чогуу карап, көмүрдүн кору көп кендерди сөзсүз түрдө мамлекеттин 40, 50 пайыздан кем эмес үлүшүн киргизиш керек”, – деди Токторбаев.

Депутат 2021-жылы республика боюнча 3 миллион тоннага жакын көмүр казылып алынып, анын ичинен бир миллион тоннадан ашыгы сыртка экспорттолгонун, көмүр казган ишканалар бюджетке болгону 600 миллион сом чегергенин кошумчалады.

“2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилинде Бишеке ТЕЦке 650 миң тонна көмүр башка мамлекеттен импорттолгон. Бул Казактстандан келип, тоннасын төрт миң сомдон сатып алганбыз. Акчага которгондо 2 млрд 650 миллион сомду түзөт. Эгер Бишкек ТЕЦке көмүр менен өзүбүз камсыз кылсак бул каражатка эки чоң карерный экскватор жана 650 хово сатып алса болчудай экен. Учурда көмүр кендеринде 394 лицензия берилиптир. 219 компания казуу иштерин баштаган. Тилекке каргшы ушунун ичинен болгону бир пайыз гана ишкана мамлекетке таандык экен. Бул абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан кышта бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда мамлекет жеке ишкерлерге көз каранды. Бул тармакта бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүлбөй жатканын белгилеп кеткеми келет”,- деди Токторбаев.

Токторбаевдин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 6, 5 миллирад тонна көмүрдүн кору бар. Алардын ичинен 5 миллирад 200 милллоин тоннасы Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шурап, Алмалык жана Кава көмүр кендеринде. Бир миллирад тонаадан ашыграак Өзгөндө болсо калганы Көк-Жаңгак, Таш көмүр жана Тегине кендери болуп эсептелет.

Жанылыктар