Эмир-Хан Кыдыршаев “F.C.BARCELONA” футбол клубунун жаштар курамында кирди

 Эмир-Хан Кыдыршаев “F.C.BARCELONA” футбол клубунун жаштар курамында кирди

Эмир-Хан Кыдыршаев расмий түрдө дүйнөгө белгилүү “F.C. BARCELONA” клубунда машыга баштады.  Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымат таратып,  17 жаштагы спортчуну куттуктады.

«Кыргызстандык жаш футболчу өзүнүн эмгегинин жана  каалоосунун аркасында “F.C.BARCELONA” футбол клубунун  мүчөсү боло алгандыгы    жүздөгөн жаш спортчулар үчүн өз мекенинде жана анын чегинен тышкары спорттогу бийиктиктерди багындырууга  чон стимул боло алат. Бул сонун жаңылык Кыргызстандын атактуу футбол клубу менен жакындашуусуна мүмкүнчүлүк берет жана Дүйнөлүк футбол жылдыздарынын тажрыйбасына таянуу менен республикадагы футбол салттарын алга жылдырууга жана жакшыртууга жардам берет» деп айтылат союздун маалыматында.

Кошумчалай кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу. Ал буга чейин,  Испаниянын “Леванте” футболдук клубунун кароосунда жүргөндүгү айтылган.   Ошондой эле ал,  белгилүү италиялык футболчу Паоло Россинин академиясында 1 жарым жыл окуп, андан кийин Италия чемпиондугунун В сериясында ойногон “Перуджа” футболдук клубунда жарым жылдай ойногон.

Жанылыктар