Эми тамадалар, бийчилер ККМ аппараты менен салык төлөйт. Түшүндүрмө

 Эми тамадалар, бийчилер ККМ аппараты менен салык төлөйт. Түшүндүрмө

Кыргызстанда ушул жылдын 1-февралынан тартып патент менен салык төлөп иштөө тартиби өзгөрөт. Башкача айтканда патент менен иштеп келгендер мындан ары салыктын башка түрүн тандашы керек, ошол эле учурда үйдөн иштеп акча тапкандар патент алышы керек болот. Салык системасындагы өгзөрүүлөрдү түшүндүрүп берели. 

1-февралдан тартып патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 86 түрүнөн турган тизме 19га  кыскартылып жатат. Алар:

  • Тейлөө кызматтары,
  • Үлпөт жана сулуулук салондору,
  • Караоке кызматтары,
  • Базарлардагы лото оюндары,
  • Эт жана канаттуулардын этинен (шашлык, гриль) даяр тамактарды жасап саткандар,
  • Нан бышырып саткандар,
  • Үн жазуу жана видео тартуу менен иштегендер,
  • Сүрөтчүлөр, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу,
  • Музыканттар, тамада, бийчилер жар-жарчылар мындан ары патент менен иштей алышпайт.

Ош шаардык салык кызматынын бөлүм башчысы Эрмек Маткасымовдун айтымына караганда, жогорудагы тизмектегилер эми салык төлөөнүн башка түрүн тандашы керек. Алар бирдиктүү салык же жалпы салык режимине өтөт. Мыйзам боюнча бул категориядагылар ККМ аппараты менен иштешет, ар бир 3 айда отчёт тапшырып турушу керек болот.

“Алар бизден жеке ишкер катары каттоодон өтөт. Электрондук ККМди алышат. Тамадалардын иши күн сайын жүрүп жатат. Бирок эсеби жок. Өздөрү да билбейт. Ошон үчүн алар сөзсүз каттоодон өтүп, жеке ишкерлигин жүргүзүшү керек. Алардын колунда телефон бар. Кассалык аппарат алса болот. Музыканттар, тамада, бийчилер жар-жарчылар ККМди көтөрүп жүрбөйт да. Телефон менен өзүнүн кылган ишин көрсөтсө болот“,- деди Маткасымов.

Ошол эле учурда патент менен иштөөчүлөргө жаңы категориялар кошулду. Мында биринчи кезекте үйдөн акча таап бизнес кылып жаткандар мындан ары патент менен салык төлөшөт.

Алар кимдер,

  • I топтогу майыптыгы бар адам тарабынан көрсөтүлүүчү дарылоочу укалоо кызматын көрсөткөндөр,
  • Үйдөн иштеген тигүүчүлөр, визажисттер, чачтарачтар, маникюр жана педикюр боюнча адистер,
  • Үйүнүн короосуна жеке мончо кызматтарын ачып алгандар,
  • Ошондой эле үнүн короосунда унаа кызматы, атайын курулуш иштери, оңдоо боюнча кызмат көрсөткөндөр мындан ары патент менен иштешет.

Автоунаа жуучу жайлар, жеке стоматология жана сауна кызматтары үчүн салык төлөө системасы өзгөрдү. Ош шаардык салык башкармалыгыгын инспектору Эрмек Маткасымов өзгөрүүлөрдөн кийин төлөнүүчү салыктар көбөйүп кетпейт, тескерисинче ачык айкындуулук болот деп ишендирди.

“Үй ичинде иштеткен сауна, баня, стаматология, парихмахерлер 2022-жылы өкмөттүн токтому менен алар бирдикүү салыкка өткөн. 8 миллион сомго чейин бошотулган режимде иштешти. Быйылкы жылы алар патен алышат”,-  деди Маткасымов.

Жогоруда айтылган өзгөртүүлөр ушул жылдын 1-февралынан тартып ишке кирери пландалып жатат.

Жанылыктар