Эмчек рагы эрте аныкталсын! Ататүрк маданият борбору кызгылт түстө күйдү

 Эмчек рагы эрте аныкталсын! Ататүрк маданият борбору кызгылт түстө күйдү

Стамбулдун Таксим аянтындагы Ататүрк маданият борбору аялдарды азапка салган эмчек рагына коомчулуктун көңүл буруу үчүн үч күн бою кызгылт түстө жарыктандырылды. Бул тууралуу Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган борбор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эмчек рагын эрте аныктоо айлыгына маалыматтык колдоо көрсөткөн.

Белгилей кетсек Таксим аянтына күн сайын миллионго жакын адам келет.
Ататүрк маданият борборунун көркөм директору Ремзи Бухаралы эненин саламаттыгы баарынан маанилүү экенин билдирди.

“Искусствонун кандай гана түрү болбосун массанын аң-сезимин өзгөртө алат. Биз GE Health Care демилгеси менен AKM имаратын кызгылт түс менен жарыктандырып жатабыз. Эмчек рагынын канча эрте аныкталганы аялдарыбыз, энелерибиз үчүн өтө маанилүү. Таксим аянтына келгендер бул дарттын кандай оор экенин көрсүн, билсин, түшүнсүн деп ушундай методду колдонууну туура көрдүк” – деди Ремзи Бухаралы.

Эске салсак, көкүрөк рагы дүйнө боюнча аялдардын 30%да кездешет. Ар бир сегиз аялдын бирине бул дарт өтө коркунуч туудуруп келет. Рак кооптуу оору болгону менен аны дарылоого мүмкүн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл сайын «Эмчек рагы жөнүндө маалымат берүү жана жайылтуу» айлыгын жарыялап, бул багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат.

Жанылыктар