ЭлТР телеканалы “ПолитКлиниканы” сотко берди

ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” басылмасын сотко берди. Бул тууралуу аталган басылма жазды.
Маалыматка караганда, аталган телеканал “ПолитКлиника” медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деп аталган видеосуна байланыштуу сотко кайрылган.
“ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген. Компания басылмадан аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн”, – деп жазды “ПолитКлиника” басылмасы.
“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирди.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков 8-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу: “Президенттин ишмердүүлүгү тууралуу жалган маалыматтарга ыкчам көңүл бурабыз жана аныгын тактап бергенге даярбыз. Бул жолу Дилбар Алимова жетектеген “Политклиника” медиасы такталбаган калп маалыматтарды таратты”, – деп билдирген.