Электр жарыгындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон эмес

 Электр жарыгындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон эмес

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Твиттердеги” баракчасынан:

“Биздин энергетиктер жарыкты бир, бир жарым саатта Бишкекте, андан кийин башка аймактарда калыбына келтирүүнү убадалап жатышат. Кырсык Кыргызстандын аймагында болгон эмес”, – деп жазды.

Бүгүн, 25-январда түшкө маал өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн, “Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, оз алдынча жарыкты калыбына келтире” турганын билдирди. Кийинчерээк, Чүй менен Жалал-Абадга электр энергиясы берилгенин билдирди. Башка аймактарга дагы этап-этабы менен берилип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, Кыргызстандагы Жылуулук Электр Борбору, ГироЭлектр станцияларында авария болбогонун кабарланды.

Казакстан менен Өзбекстандын ЖМКлары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык өчкөнүн жазышты.

Жанылыктар