“Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасынын м.а. пара менен кармалды

 “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасынын м.а. пара менен кармалды

“Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3 600 доллар өлчөмүндөгү акча талап кылган. Эгер болбосо, анда А.О. бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан.

Кармалган А.О., алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып барып, жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.

А.О. жана К.Т.А. мурда “зордуктоо” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар