Элчилик тажик абагындагы кыргызстандыктардан кабар алды

Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери Тажикстандын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын жарандары жаза өтөп жаткан Душанбе, Вахдат, Явон жана Худжанд шаарларында жайгашкан түзөтүү мекемелерине барышты. Иш сапардын алкагында дипломаттар кыргыз жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды кармоо шарттары менен таанышты.
“Жолугушууларда маалыматтык-консультациялык жардам, анын ичинде жазаны андан ары өтөө максатында Кыргызстандын түзөтүү мекемелерине которуу жол-жоболору маселелери боюнча да жардам көрсөтүлдү”,-деп айтылат маалыматта.
Былтыр Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканы айтылган.