Элчилик Россияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбай турганын айтты

 Элчилик Россияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбай турганын айтты

Россиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылбайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди.

Тактап айтканда, социалдык тармактарда Россиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын аскерге чакыруу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбестигин маалымдады.

21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ааг ылайык, 300 миңдей резервисттер аскерге тартылары кабарланган.

Россиядагы мобилизация жарыялангандан бери орус жарандары чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга жер которуп жатышат.

Жанылыктар