ОшТВ телерадиокомпаниясы

Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды

 Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды

УКМК тарабынан террористтик уюмдун жалдоочусуна шектелип, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан – Макаров пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар