Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

 Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

“Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад облусунун аймагында “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун (Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) мүчөсү болгон 3 жаран кармалды.

Кармалган эки жаран башка мамлекеттин аймагынан “Ислам мамлекети – Хорасан вилаяты” эл аралык террористтик уюмунун катарында террордук аракеттер болгон аймактарга чыгуу фактысы аныкталган.

Кармалгандардын бири Х.П. калган эки жарандын которулушун түздөн-түз координациялаган, аларга акча жана чет мамлекеттин жасалма паспорттору менен бир нече өлкөнүн аймактары аркылуу тоскоолдуксуз жүрүү үчүн камсыздаган.

Аталган адамдарга карата кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды. Тергөө иштери уланууда.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар