Экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө салыктык жеңилдик керек. Ишкерлер Жапаровго көйгөйлөрүн жеткиришти

 Экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө салыктык жеңилдик керек. Ишкерлер Жапаровго көйгөйлөрүн жеткиришти

7-сентябрда жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту.

Ишкерлер жыйындын жүрүшүндө аймактарда ири тигүү цехтеринин филиалдарын ачууда жеңилдетилген насыялар керектигин жана экспортту көтөрүү үчүн заманбап технологияларды сырттан сатып алуу үчүн  салыктан бошотуу маселелерин айтышты.

Акылбек Жапаров салык жеңилдиктерин берүү, жеткиликтүү насыялоо маселелери карала турганын белгиледи.

«Керек болсо аймактардагы бош турган мамлекеттик имараттарды тигүү өнөр жай ишканаларынын пайдаланууга берүүгө даярбыз», – деди ал.

Жыйынтыгында экономика жана коммерция министрлигине «Легпром» Ассоциациясы жана финансы институттары менен бирдикте текстиль тармагына жеңилдетилген насыя берүү жана чийки заттын жана материалдык ресурстардын импортуна көз карандылыкты азайтуу чараларын иштеп чыгуу тапшырылды.

 

 

 

 

Жанылыктар