Экс-депутат Канат Исаев бир айга камалды

 Экс-депутат Канат Исаев бир айга камалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев УКМКнын Тергөө изоляторуна 23-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, соттун чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызына ылайык, Канат Исаевге карата мурда тандалган баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Исаев кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу азырынча толук маалымат жок.

Белгилесек, 23-октябрда бир канча саясатчы, активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Көп өтпөй ички иштер министрлигинен алар 48 саатка камакка алынганы кабарланды.

Министрликтен билдиришкендей, аларга карата “Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар