Экономика министрлиги: Азык-түлүктөрдүн бир катар түрлөрү арзандады

 Экономика министрлиги: Азык-түлүктөрдүн бир катар түрлөрү арзандады

Экономика министрлиги күнүмдүк негизги керектөөлөрдүн базар баасын текшерип, жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, учурда канттын баасы туруктуу, ошондуктан 1 кг кумшекер 88,3 сомдон сатылууда. Ал эми өсүмдүк майынын баасы төмөндөп жатканы байкалган. Октябрь айына карата 1 литр майдын баасы 155,4 сомду түздү. 1-сорттогу ундун 1 кг 43,5 сомдлун тегерегинде сатылып жатат.

Министрлик ошондой эле күйүүчү майдын баасын төмөндөп жатканын белгиледи. Бүгүнкү күңдө өлкө боюнча А-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 61,6 сомдон, ал эми дизель майы 75,8 сомдон сатылууда.

Белгилесек, мамлекет бааларды бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызга өскөндө гана жөнгө салат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар