Эки килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган жаран кармалды

 Эки килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган жаран кармалды

Эки килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, баңги затын сатууга аракет кылып жаткан учурда 1961-жылы туулган Ж.С.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар