Екатеринбургда өз энеси сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жайгаштырылды

Екатеринбургда өз энеси 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу анын өгөй атасына шилтеме берүү менен россиялык ЖМКлар жазып чыкты.
Өгөй атасы бала менен азырынча көрүшө электигин жана ал үчүн уруксат алуу керектигин айткан.
“Алар баланын абалы жакшы экенин айтышты. Психикалык жактан баары жайында”, – деди ал.
Эскерте кетсек, 12-августта Екатеринбургда өзүнүн баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылган 36 жаштагы кыргызстандык аял кармалган.