Эгемендүүлүк күнү коомдук коопсуздукту 10 миңден ашык милиция камсыздайт

 Эгемендүүлүк күнү коомдук коопсуздукту 10 миңден ашык милиция камсыздайт

Эгемендүүлүк күнүндө Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароо-тескемесинде министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

“Бүгүнкү күнгө чейин республиканын бардык ички иштер органдарында ушундай саптык кароолор өткөрүлүп, элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Ар кандай укук бузууларга жол берилбеши керек. Жарандарга сылык мамиле жасап, зарыл учурларда жардам көрсөтүп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо керек”,-деди Урмамбетов.

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштешет.

Өлкө боюнча жалпы 10 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылып, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшөт.

Жанылыктар