Эгемендүүлүк күнү Чуңкурчакта президенттин катышуусунда белгиленет

 Эгемендүүлүк күнү Чуңкурчакта президенттин катышуусунда белгиленет
31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтанаттуу иш-чара өтөт.
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ошондой эле бул күнү XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгы белгиленет. Салтанатка Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат.
Иш-чара 09:40та башталып, УТРК, республикалык телеканалдар жана алардын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу көрсөтүлөрү айтылды.

Жанылыктар