Дыйкандар айыл чарба үрөндөрүн насыяга алышат    

 Дыйкандар айыл чарба үрөндөрүн насыяга алышат    

Сортту өзгөртүү жана жаңыртуу үчүн дыйкандарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү менен камсыздоого республикалык бюджеттен 1 миллиард 534,4 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Бул каражаттар кылкандуу дан жана дан өсүмдүктөрүнүн, май жана буурчак өсүмдүктөрүнүн, эспарцет жана пахтанын үрөндөрүн сатып алууга жумшалат. Үрөндү Орусиядан алып келүү Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна тапшырылган.

«Үрөнчүлүк чарбаларга жана фермерлерге «Айыл Банк» ААК тарабынан жылдык 4,5 пайыз менен жеңилдетилген насыя түрүндө бөлүнөт. Дыйкандарга үрөндү өз убагында жеткирүү боюнча Айыл чарба министрлигине жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тапшырмалар берилди.

Жанылыктар