Дустум: Өзбекстан менен Тажикстан ооган тик учактарын кайтарып бериши керек

 Дустум: Өзбекстан менен Тажикстан ооган тик учактарын кайтарып бериши керек

Ооганстандын мурдагы вице-президенти, маршал Абдул Рашид Дустум Душанбе менен Ташкентти мурдагы ооган армиясынын авиациясын Улуттук каршылык көрсөтүү кыймылына берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Лондондо фронттун командири Хайрмухаммад Хайрхохту эскерүү кечесинде айтты.

Иш-чарага онлайн режимде кыймылдын башка лидерлерлери – Ахмад Ахмад Масуд, Абдураб Расул Сайёф, Ато Мухаммад Нур, Абдулатиф Пидром, Мухаммад Мухаккик жана башкалар катышты.

Абдул Рашид Дустум Ооганстандын 40тай аскердик тик учагы Өзбекстан менен Тажикстандын аймагында экенин айтты. Дустумдун билдиришинче, бул аскердик авиацияны Улуттук каршылык көрсөтүү фронту талибдерге каршы күрөшүүдө колдоношу керек.

2021-жылдын 15-августунда “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алган учурда ондогон ооган аскерлери тик учактар менен коңшу мамлекеттерге качып өтүшкөн. Талибдер кийин Тажикстан менен Өзбекстанга 40 тик учак чыгарылып кеткенин билдиришкен. Тик учактардын көбүн АКШ Ооганстанга мурдагы бийликтин тушунда берген.

АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Өзбекстанда 46 , Тажикстанда 18 авиатехника бар. Аларга C-208 учактары, A-29 Super Tucano жеңил чабуулчулары, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары кирет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар