Душанбеде хижаб кийүүгө жана сакал коюуга каршы рейд өттү

 Душанбеде хижаб кийүүгө жана сакал коюуга каршы рейд өттү

Душанбе шаарынын чыгыш тарабындагы кире беришинде милиция кызматкерлери рейд өткөрүп, сакалчан кишилер менен хижаб кийип жүргөн аялдардын документтерин текшеришти. Бул тууралуу “Озоди” радиосу жарандардын билдирүүлөрүнө таянып кабарлады.

“16-ноябрь күнү эртең менен шаардын кире беришиндеги тогузунчу чакырымда хижаб кийүүгө жана сакал коюуга каршы рейд өттү” деп билдирген окуяга күбө болгон жарандардын бири.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургундардын айтымында, милиция кызматкерлери менен мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн шаарга кирип жаткан автоунааларды токтотуп, сакалчан жана хижаб кийген жарандардын документтерин текшерүүсү бир айдан бери уланууда.

17-ноябрь күнү да шаардын чыгыш тарабындагы кире беришинде сакалчан айдоочулар токтотулуп, документтери текшерилди. Бул рейдге милиция кызматкерлеринен тышкары бир нече аял да катышты. Алар кайсы мекеменин өкүлдөрү экени тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Бир нече жыл мурда өлкө президенти Эмомали Рахмон хижаб менен сатр улуттук каада-салттар менен баалуулуктарга каршы келген жат нерселер экенин айткан.

Тажикстан жарандардын дин эркиндигин бузганы үчүн дайыма эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар