Дубай-Ош-Дубай багыты боюнча туруктуу аба каттамы ачылат

Ушул жылдын 3-ноябрында Дубай-Ош-Дубай багыты боюнча туруктуу авиакаттамдары ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Fly Dubai авиакомпаниясы Дубай эмиратынан Ош шаарына учууларды жумасына эки жолу аткарууну пландап жатат – шейшемби жана жума күндөрү.
Белгилесек, аталган багыт боюнча туруктуу каттамдар 7 жылдык тыныгуудан кийин жанданганы турат.