ДСУ 77 өлкөдө “омикрон” штаммы катталганын жарыялады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Женевадагы брифингде коронавирустун “омикрон” штаммы 77 өлкөдө аныкталганын билдирди.
“”Омикрон” 77 өлкөдө бар экени кабарланды. Вирустун бул түрү башка варианттарга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылып жатат “, – деди ДСУнун башчысы.