ДССУ омикрондон башка штаммдар дагы чыгышы мүмкүндүгүн эскертти

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Геберейесус коронавирустун омикрон штаммынын жайылып кетишинен улам COVID-19дун жаңы варианттары пайда болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
«Бул пандемия жакында бүтчүдөй эмес. Омикрон дүйнөгө жайылып кетти, эми башка дагы штаммдар чыгышы мүмкүн. Омикрондун жеңил формада өтүп жатканын көргөндө, аны олуттуу кабыл албай жатышат. Бирок абдан көңүл буруп, жаңы штаммдарды байкап турушубуз керек», — деген башкы директор.
Белгилей кетсек, Түштүк Африкада омикрон штаммы мындан эки ай мурун табылган. Дүйнөлүк окумуштуулардын айтымында, анын S-блогунда ондогон мутация бар. Азыркы учурда бул вирус дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып кетти. Кыргыз өлкөсүндө ал 12-январь күнү катталган.