ДССУ: “Омикрон” штаммы коомго коркунуч жаратууда

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму “омикрон” штаммынын жайылуу ыктымалдыгын глобалдык деңгээлде жогору деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аталган уюмдун баяндамасында штамм кезектеги массалык эпидемиянын чыгышына себеп болушу мүмкүн экени белгиленген. Ошол эле учурда документте дарыгерлер азырынча “омикрон” штаммынан бир да адам өлүмү болбогондугун кошумчалаган.
Уюм кошумчалагандай, тесттердин көбү SARS-CoV-2нин жаңы вариантын аныктоого жөндөмдүү жана колдо болгон вакциналар илдеттин оор түрүнөн айыктырып, өлүмдөн коргой алат.
Бир нече күн мурун Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдиришкен.
Эксперттер B.1.1.529 иммунитети төмөн, ВИЧ менен ооруган адамда пайда болгонун айтышат.
Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Түштүк Африкада жүзгө жакын адам катталды. Гонконгдо, Израилде, Бельгияда, Чехияда, Германияда, Улуу Британияда, Италияда, Австралияда, ошондой эле Нидерландда жана Австрияда бир нече учур бар.
ДССУ жума күнкү чукул жыйынында B.1.1.529ду “тынчсыздануу жаратат” деп таанып, аны грек алфавитинин 15-тамгасы боюнча “омикрон” деп атады. Европа биримдиги жана башка көптөгөн өлкөлөр Африканын кээ бир мамлекеттерине каттамдарды токтоткон.
Гамалея борборунда жаңы штаммдын пайда болушуна карата кооптонуунун кереги жок экендигин айтышты. Адистер мурдагыдай эле бет кап тагынып, эмдөө алуу керектигин баса белгилешти. Эмдөө алуу коронавирустан коргонуунун эң ишенимдүү чарасы бойдон калууда.