“Достуктагы” аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип, кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Достук» өткөрмө бекетинин аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалганын маалымадады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «Достук» өткөрмө бекетинин аскер кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж., ошондой эле “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар С.А.Ж., А.Б.Т., кармалды.
Жогорудагы адамдарга карата Ош шаардык соту тарабынан 2022-жылдын 24-июнуна чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.