“Достук” көзөмөл бекетинде кезекти башкаруунун электрондук системасы ишке киргизилет

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” жана “Дустлик” көзөмөл бекеттеринде кезекти башкаруунун электрондук системасы пилоттук режимде ишке киргизилет. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Аталган маселе 17-18-февраль күндөрү аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда талкууланып, ага Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин, бажы кызматынын өкүлдөрү жана Өзбекстандын Мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү менен Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) командасы катышты.
Белгилүү болгондой, бул долбоор автоунаалардын кыймылын оптималдаштыруу максатында ишке ашууда.
“Чек арадагы электрондук кезекти башкаруу системасынын пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашса, бул демилге Борбор Азияда биринчи жолу аткарылган болот”,-деп айтылат маалыматта.