Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

 Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

Президент Садыр Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевди кызматынан убактылуу четтеткен жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.

Буга чейин башкы прокуратура тарабынан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголгон.

“2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Россияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген”, – деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Мындан тышкары, Доскул Бекмурзаев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо “Б.” ЖЧКга жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Натыйжада энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Жанылыктар