Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Доскул Бекмурзаевге башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иши козголгон.