“Дордой” базарындагы өрт 42 контейнерди жарактан чыгарды

 “Дордой” базарындагы өрт 42 контейнерди жарактан чыгарды

“Дордой” базарындагы өрт 42 контейнерди жана тогуз күркөнү каптаганын 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  билдирди. “Кытай катары” деп аталган катарда металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө  күйгөн. Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу.Тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланганы кабарланды. Жабыркагандар Бишкектин №4 ооруканасына жеткирилген.5-июлда “Дордойдо” чыккан өрттү өчүрүүгө 60 куткаруучу, жети бөлүм тартылган.Айрым ишкерлер базардын администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келишкенин айтышууда. Алардын күркөлөрү камсыздандыруудан өткөнүн билдирип, кенемте төлөнүп берилиши керектигин айтышты.

Жанылыктар