Допингге шектелип жаткан Камила Валиева Олимпиаданы улантып, кайрадан муз үстүнө чыгат

Орусиялык 15 жаштагы спортчу Камила Валиевага «Пекин-2022» кышкы Олимпиада оюндарын улантууга уруксат берилгенин чет элдик спорттук басылмалар жазышты. Арбитраждык соттун жыйынтыгы оюндун атайын сайтына да жарыяланды.
Анда айтылгандай, спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын маселесин 7 саатка чукул карап, Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык коньки тебүү союзунун (ISU) жана Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) кайрылуусун четке каккан.
Валиева 15-февралда кыска программа менен өнөрүн көрсөтсө, 17-февралда муз үстүнө чыгат.
Буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыккан эле.