Донецк жана Луганск элдик республикаларын Россияга кошуу боюнча референдум башталды

 Донецк жана Луганск элдик республикаларын Россияга кошуу боюнча референдум башталды

Донецк жана Луганск элдик республикасын, Запорожье облусун Россияга кошуу боюнча референдум башталды. Бул тууралуу РИА новости жазды.

“Бүгүн, Москва убактысы боюнча саат 08.00дө Донецк элдик республикасын Россия Федерациясына субъект катары кошулуусу боюнча референдум башталды. Добуш берүү бийлик органдары тарабынан көзөмөлдөнгөн тартипте өтүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

19-сентябрда Донецк жана Луганск элдик республикасынын коомдук палаталары Россияга кошулуу боюнча референдумду тезинен өткөрүү демилгеси менен кайрылышкан. Натыйжада Россия бийлиги референдум 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин өткөрүлөрүн жарыялады.

20-сентябрда Херсон жана Запорожье облустарынын администрациялары референдумду ошол эле даталарда өткөрүүнү пландап жатканын жарыялашты.

Аймактардын өкүлдөрү белгилегендей, Россияга кошулуу алардын аймактарынын коопсуздугун камсыз кылып, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирет. Бул чечимдерди Владимир Путин колдой турганын билдирди.

Жанылыктар