Дональд Трамп президенттик шайлоого катышышы мүмкүн

 Дональд Трамп президенттик шайлоого катышышы мүмкүн

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышар-катышпасы боюнча жакын арада чечим кабыл алат. Бул тууралуу ал Индиянын NDTV каналына берген маегинде билдирди.

“Бардыгы менин талапкерлигимди коюшумду каалайт. Мен бардык сурамжылоолордо да, демократиялык партиядан да алдыдамын. Мен жакынкы келечекте чечим кабыл алам деп ойлойм. Ошондой эле мындан көп адам бактылуу болот деген ишеничтемин “,-деди Трамп.

Буга чейин Трамптын мурдагы кеңешчиси Жаред Кушнер Дональд Трамп 2024-жылы президенттикке кайрадан талапкерлигин коюуну ойлонуп жатканын, анткени “ал үчүн өлкөдө болуп жаткан окуяларды көрүү жагымсыз” экенин билдирген.

Жанылыктар