Доллардын курсу төмөндөдү

Бүгүн, 17-мартта Кыргызстанда доллардын курсу салыштырмалуу арзандады. Коммерциялык банктарда доллар 98-101 сомго, евро 108-111 сомго сатылууда. Ал эми орус рубили 89-1,1 болууда.
Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 104,96 – 105 сом, евро 115,35 сом, рубль 91-92 сом деп көрсөтүлгөн.
Орусия менен Ураинанын тирешүүсүнөн кийин АКШ доллары көтөрүлүп, орус рублинин кунун кескин жоготту. Анын таасири Кыргызстанга да тийип акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар кескин кымбаттаган. Мындан улум Улуттук банк 11-мартта долларды өлкөдөн сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.