ОшТВ телерадиокомпаниясы

Добуштардын 30%дан ашууну кол менен саналып бүттү. Босого баллдан 7 партия өттүүдө

 Добуштардын 30%дан ашууну кол менен саналып бүттү. Босого баллдан 7 партия өттүүдө

Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштардын 30,43 %ы  кол менен эсептелип бүттү. Бул тууралуу БШКнын бюллетендерди саноону онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Кечээ, 30-ноябрь саат 20:30га карата 759 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 323 миң  376 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 млн 273 миң  557 жаран катышкан.

5 пайыздык босого баллдан азырынча төмөнкү партиялар өттү:

“Ата-Журт Кыргызстан” — 14.58 пайыз;

“Ынтымак” — 14.06 пайыз;

“Ишеним” — 11.97 пайыз;

“Ыйман нуру” — 7.41 пайыз;

“Альянс” — 7.09 пайыз;

“Эл үмүтү” — 5.85 пайыз;

“Бүтүн Кыргызстан” — 5.69 пайыз.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү.

Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

Жанылыктар