ДКО: Шалвар күрөш боюнча курама команда 3 медалга ээ болду

 ДКО: Шалвар күрөш боюнча курама команда 3 медалга ээ болду

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында шалвар күрөш боюнча мелдеш өтүп, кыргыз балбандары 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болушту.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, 70 кг салмакта Амантур Камчыбеков күмүш медаль, 75 кг салмакта Ислам Орозбеков жана 80 кг салмакта Бекжан Жамбылов коло байгенин ээлери болушту.

ДКО: Кыргызстандын балбандары “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча 10 медаль тагынды

Жанылыктар