ДКО: Кыргызстандын балбандары “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча 10 медаль тагынды

 ДКО: Кыргызстандын балбандары “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча 10 медаль тагынды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Алыштын эркин түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана  3 коло медаль тагынды. Буул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздар арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова, 65 кг салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 кг салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 кг салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 кг салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.

80 кг салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 кг жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль тагынды.

70 кг салмакта Касымбек Анарбаев, 90 кг салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 кг салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль алган. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасында 19 медаль бар.

Жалпы командалык эсепте, классика түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында.

Жанылыктар