Дизель майы бир айда эле 2 сом 26 тыйынга кымбаттады

Кыргызстанда бир айда эле дизель майы 2 сом 26 тыйынга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
2022-жылдын 1-январында өлкөдө дизель майы 57,9 сом болсо, 1-февралга карата 60,16 сом болду.
Ал эми АИ-92 майынын баасы — 59,21 сомдон 60,54 сомго б.а. 1,33 сомго кымбаттады.
АИ-95 0,53 сомго — 64,73 сомдон 65,26 сомго көтөрүлгөн.
Буга чейин Улуттук банк күйүүчү майдын баасынын өсүшү 2022-жылдагы инфляцияга кошумча салым экенин билдирген.